50 метр бийиктиктен кулаган унаа. Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 4 жашар бала 9 күндөн бери табыла элек

Оштун Ак-Буура дарыясына 50 метр бийиктиктен кулап кеткен унаадагы 4 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баланы издөө үчүн ӨКМдан 16 куткаруучу тартылган. Алар 21-сентябрь күнү издөө иштерин саат 18:30га чейин жүргүзүшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери 22-сентябрь күнү улантылат", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адам болгон. Алардын бири 1974-жылы туулган жаран аман калып, жолдо бара жаткан унаа менен Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымдалган. Кийин 17-сентябрда 1956-жылы туулган кишинин жансыз денеси суудан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан