Кыргызстандын ишкерлеринин күнүнүн урматына О! Мобилдик оператору Кыргыз Республикасынын экономикасына активдүү катышкандыгы жана кызматташуусу үчүн Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин ыраазычылык катына татыды.
Ишкерлерди куттуктап жатып Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Бекболот Алиев быйылкы жыл коронавирустук инфекциянын массалык жайылуусунун натыйжасында, оор социалдык-экономикалык кыйынчылыктар жана ыкчам кризистик чараларды кабыл алуу менен татаалдашкандыгын белгиледи. Бекболот Алиев ишкерлерге жарандарга көрсөтүлгөн баа жеткис жардам жана медициналык мекемелерди керектүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздаганы үчүн ишкерлерге терең ыраазычылыгын билдирди.
«О! Мобилдик оператору коронавирус менен күрөшүү үчүн уюштурулган иш-чараларга активдүү катышууда, жардам чакырыктарына алгачкылардан болуп жооп кылып, кыска мөөнөттүн ичинде миллиондогон жарандар үчүн керектүү демилгелерди ишке ашырууда», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Өлкөгө өзгөчө абал киргизилген алгачкы күндөн тартып О! Мобилдик оператору Covid-19 инфекциясын токтотуу боюнча өкмөткө, мамлекеттик түзүмдөргө жана калкка максималдуу мүмкүн болгон жардамды берүү үчүн ыкчам чараларды кабыл алды.
Иш жана өнүмдөр менен жардам
Акысыз байланыш жана интернет
Дем ал, Кыргызстаным!
Дистанциялык окутууну колдоо:
Үзгүлтүксүз байланыш
Керектүү ырастоолорду жана кошумча жабдууну орнотууну күн сайын жүргүзүп жаткан оператордун техникалык кызматынын адистеринин алгылыктуу иштери аркылуу кыргызстандыктар күнү-түнү жана үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз болушту. Катуу карантиндин учурунда түйүндөгү трафиктин ыкчам өсүүсүн белгилөө менен О! Мобилдик оператору тездик менен интернеттин каналдарын кеңейтти.
Компаниянын бардык кызматтары жогорулатылган даярдык режимине өткөрүлдү. «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» электрондук капчыгы коммуналдык кызматтарды, интернетти, мобилдик байланышты, жеткирүү сервистерин жана башка көптөгөн нерселерди аралыктан төлөөнү үзгүлтүксүз ишке ашырууну улантып жатты.
Компаниянын колл-борбору бир мүнөткө дагы ишин токтоткон жок. Кыргызстандыктарды байланыш менен камсыз кылуу үчүн бүт өлкө боюнча О! Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселери алдыңкы катарда сактык чараларды сактоо аркылуу өзгөчө график менен иштөөнү улантышты.
О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.