Венгрияда 16-22-сентябрь күндөрү өтүп жактан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-күнү кыргызстандык спортчулар үчүн ийгиликсиз аяктады. 19-сентябрда эркин күрөш боюнча кыздар арасында килем үстүнө чыккан кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова (59 килограмм салмакта) мелдешти эки жеңиш менен ийгиликтүү баштап, чейрек финалда болгариялык Мустафа Юсейнге утулуп калды. Бирок болгариялык спортчу финалга чыгып, Айсулууга коло медаль үчүн көңүл жубатчу беттешке укук түзүп берген. Тилекке каршы, Айсулуу Тыныбекова көңүл жубатарлык биринчи беттешинде утулуп, Дүйнө чемпиондугун медалсыз жыйынтыктады. Жалпы жыйынтык боюнча Айсулуу Тыныбекова 7-орунду ээледи.
59 килограмм салмакта
1/16 финал
Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) 8:1 Энрикез Эрнандез (Венесуэла) - 8:1
1/8 финал
Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) 12:3 Карима Санчез Рамис (Испания)
1/4 финал
Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) 2:10 Мустафа Юсейн (Болгария)
Көңүл жубатчу коло медаль үчүн болгон беттештер
1-беттеш
Татьяна Лавренчук (Украина) 5:0 Брекстон Стоун (Канада)
2-беттеш
Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) 0:5 Татьяна Лавренчук (Украина)