Чүй ОИИББи: "Ысык-Атада түшүнбөстүктөрдөн жаңжал чыгып, 13 жаштагы өспүрүм эки кишини бычак менен сайып салган"

Ысык-Ата районунда кошуналардын ортосунда түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыгып, 13 жаштагы өспүрүм эки эркек кишини бычак менен сайып салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда саат 22:20 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 32 жаштагы Э.У. аттуу жаран бычактан жаракат алып аймактык ооруканага кайрылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, окуянын себептерин аныкташкан.

"20-сентябрда Ысык-Ата районунун 26 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну уулунун туулган күнүнө байланыштуу көчөдө кошунасы менен спирт ичимдигин ичип, ортодо өз ара түшүнбөстүктөр чыккан. Үй ээси менен кошунасынын урушу жаңжалга чейин жеткен. Чыр мас абалындагы түшүнбөстүктөн улам келип чыккан. Эч кандай массалык мушташ болгон эмес.

Бул окуянын натыйжасында үй ээсинин 13 жаштагы Э.К. аттуу уулу ашкана бычагы менен 32 жаштагы Э.У. жана 26 жаштагы К.Р. аттуу жарандарды сайып салган. Алардын бири ооруканага жеткирилген, экинчиси амбулатордук шартта дарыланууда. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, белгисиз адамдар бир нече унаанын айнектерин сындырганы белгилүү болду. Бул факт дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын кошумчалашты мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан