17-22-сентябрь аралыгында Якутияда өтүп жаткан бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпиондугун кыргызстандык спортчулар медалсыз жыйынтыктады. Кыргызстандык кий чеберлеринен эң жогорку көрсөткүчтү Каныбек Сагынбаев көрсөттү. Каныбек Сагынбаев кыргызстандык спортчулардан жалгыз 1/8 финалга өтүп, бирок утулуп калды. Жалпы жыйынтыкта Каныбек Сагынбаев 9-орунду ээледи. Эске салсак, бул мелдешке Кыргызстандан 11 спортчу катышкан эле. Биринчи беттештерин жеңген кыргызстандык спортчулар катышкан оюндардын жыйынтыгы төмөндө:
1/32 финал
Зайлан Адамов (Кыргызстан) 6:7 Никита Ливада (Орусия)
Дастан Лепшаков (Кыргызстан) 2:7 Евгений Курта (Беларусь)
Ызатбек Раатбеков (Кыргызстан) 7:6 Юрий Пащинский (Орусия)
Каныбек Сагынбаев (Кыргызстан) 7:6 Александр Бойко (Украина)
1/16 финал
Ызатбек Раатбеков (Кыргызстан) 6:7 Александр Бедёвка (Украина)
Каныбек Сагынбаев (Кыргызстан) 7:2 Семён Унтилов (Молдова)
1/8 финал
Каныбек Сагынбаев (Кыргызстан) 4:7 Александр Банный (Орусия)