Чүйдүн Сокулук районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө дүкөндөн акча жана азык-түлүк уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу барып, шектүү катары Б.Н. аттуу жаранды кармашкан.
Келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.