Бишкекте аялын ажатканага камап, мыкаачылык менен сабаганга шектелген күйөө үй камагына чыгарылды

Бишкектеги "Алмалуу" кафесинде аялын ур-токмокко алган күйөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү үй камагына эч жакка чыкпоо боюнча тил катынын негизинде чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

11-сентябрь күнү түн ортосуна жакын Курманжан датка жана Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде мушташ болгон. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде канжалаган аялды көрүшкөн. Ал күйөөсү тарабынан сабалганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dolbooruwka
2020-09-23 09:29:35
Уят! Кан жалата урганын коруп туруп деле, чыгарып койсонор.
+10
Imon7
2020-09-23 12:35:10
Dolbooruwka,туура жок дегенде тергоо иштери аяктаганча колония поселенияда болуш керек болчу. Эми тергоо иштерге таасир этет. Жабырлануучуну госзащитага алыш керек эле
+4
Jibakana
2020-09-23 09:56:38
Биздин окмот Аман эле болсун...
+4
narynbek2001
2020-09-23 10:01:50
Бир кол которгон немен экинчи жолу которо берет
+5
keba300989
2020-09-23 10:08:50
Балдары эмне болду экен
+2
Imon7
2020-09-23 10:33:29
Аялы арыз жазгандан баш тарткан башында эле. Арыз жок болсо кармап отурган озу мыйзамсыз. Бирок арыз жок болсо эле кылмыш жоопкерчилиген кутулуп кетет дегендик эмес. Азыр тергоо иштери журуп атат, сот чечим чыгарып сот залында эле камака алышы мумкун
+2
Biinura
2020-09-23 12:49:49
Imon7,кечиресиз + басам деп - басып алдым.
+1
Dani
2020-09-23 11:04:40
Эми уйунно келиптир аялын коркутатда камаш керек эле акмакты
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан