Ошто каналга түшүп кеткен 4 жашар бала куткарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда каналга түшүп кеткен жаш бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кечээ, 22-сентябрь күнү саат 17:46да Жаңы-Учар айылындагы Кайырма каналына 2016-жылы туулган бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн. Окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылган. Сууга түшүп кеткен бала ИИМдин кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Учурда баланын абалы туруктуу", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан