Жалал-Абадда оор жүк ташуучу унаа оодарылып, бир жаран жаракат алды. Дагы бир жаран куткарылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыгы катталып, бир адам ооруканага жеткирилип, дагы бир жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя кечээ, 22-сентябрь күнү саат 00:06 чамасында Калма-Кырчын айылындагы Жалал-Абад—Тогуз-Торо унаа жолунун 62-чакырымында Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы айдоочу жабыркап "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми куткаруучулар 1983-жылы туулган жүргүнчүнүн кыпчылып калган бутун чыгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан