Мен үчүн гипермаркетке барып соода кылуу өзүнчө бир чоң жөрөлгө. Жай басып, текчелерди кароо, керектүү товарларды издөө, товарды текчеден алып, сүрөттөмөсүн окуп чыгуу. Бирок карантин мындай жагдайларга өзгөртүү киргизди. Covid-19 вирусун жуктуруп алуудан кооптонуп, сүйүктүү GLOBUS’ка барууну токтотууга аргасыз болдум.
Бирок жакында эле GLOBUS’тун интернет-дүкөнү ачылганын билдим. Ооба, так ошондой, ошол эле гипермаркет менин смартфонумда же компьютеримде болот.
Эң эле биринчи байкаганым - эң ыңгайлуу навигация жана тез жүктөө.
Сайт жаңы үлгүдө эмес жана атайын эффекттер же оор графикалар менен толтурулган эмес, ошол себептен аны колдонуу оңой. Жалпысынан айтканда, сайттын ыңгайлуулугу беш-плюс деп бааланат. Категориялар боюнчп компетенттүү бөлүштүрүлгөндүктөн, товарларды жана буюмдарды табуу кыйынга турбайт, андыктан мындай дүкөндө адашып кетүү таптакыр мүмкүн эмес. Карантиндик шартта менин негизги кирешем электрондук капчыктарга жана карталарга кетерин эске алганда, бул идеалдуу нерсе.
Накталай эмес эсептешүүлөрдү колдонуу үчүн төмөнкү төлөм кызматтары бар:
- “Кыргызстан” банкынан MBank online;
- Visa;
- MasterСard;
- “О! Акча” капчык.
Көпчүлүк онлайн дүкөндөрдөн айырмаланып, санариптик GLOBUS күнү-түнү иштейт. Демек, менде азык-түлүк сатып алууга үлгүрбөй калам деген көйгөй жок.
Каталогдо бардык товарлар сүрөттөр менен көрсөтүлөт, ошондуктан алар буюртма берген нерселерди алып келишет. Белгилеп кетүүчү нерсе, онлайн Globus’тагы баалар дүкөндөгү текчелердеги баалар менен окшош. Алар буюртманы эшиктин алдына алып келишет жана баарынан жакшысы бардык өнүмдөр жаңы чыккан күндөн өндүрүлөт. Ал эми жашылча-жемиштер өзүм тандап алгандай - бир дагы чиригени жок.
Эртеси GLOBUS’тун өкүлү мага байланышып, жеткирилген товарлардын сапатына кызыгып, кызматты жакшыртуу боюнча сунуштарымды сурады, ошондой эле сатып алуу үчүн бонустарды эсептөө үчүн топтолуучу картанын номерин аныктады - компания өз кардарларына ушунчалык камкордук менен мамиле жасаганына кубанбай коё албайм. Баарынан мени кубандырганы кассада турган убакытты өзүмө коротом. Жалпысанан айтканда, GLOBUS интернет дүкөнү пайда болгондон тарта жашоом жеңил болуп калды.
Дароо эле узак мөөнөткө товарлары сатып алсаңыз болот, анткени буюртма кылган товарлардын баасы 5 миң сомдон ашса жеткирүү акысыз жүргүзүлөт. Мындан тышкары оор баштыктарды көтөрүү көйгөйү жок, бир кнопканы басуу менен сиз сатып алган товарларды үйүңүзгө алып киресиз. Кыскасы, кымбаттуу Globus жагымдуу жана ыңгайлуу сатып алуу үчүн сага чоң рахмат.