УКМК: "Милициянын полковниги баңги затын 581 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалды"

Баңги затын сатуу учурунда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын улук кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициянын полковниги бүгүн, 23-сентябрда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Баңги заттардын жалпы салмагы 1 жарым килограммдан ашык болгон. Аларды 581 миң сомго сатууга аракет кылган.

"Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asman779
2020-09-23 21:33:50
Бул полковник Банги затка каршы курошпой эле озу кайра сатып онуктуруп аткан турбайбы, бул бер жагындагы эле бироо да, же бирооно жакпай калды
+4
Saiit
2020-09-24 00:08:56
Законго озгортуу толуктоолорду киргизип 500 грамдан ашкан кока менен кармалса олум жазасын береретурган кылуу керек!!! бул оз тукумун кыруучу акмактар!! Бул мусурлар элге куйбойт!!
-1
Mirnar
2020-09-24 10:55:55
Мамлекетибиз ушунчалык жарды, ичим эле ачышат. Байкуш УКМКда акчалардын, барактардын устуно койчу канцелярский магнттерида жок. Уят эле.
0
Mirnar
2020-09-24 10:57:27
Полковниктер таш терип келгиче,кылмышкер качып кетет бир куну.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан