Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагында сарай өрттөнүп, 20 баш кой күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт Коммунист айылында чыккан.
Жалпы аянты 120 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн. Аны менен катар 2 тонна жыйылган чөп жана 20 баш кой күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.