Депутат Дастан Бекешев: "Маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзамды 7-чакырылыштын депутаттары карайт"

Маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзамды 7-чакырылыштын депутаттары карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында билдирген.

Ал шайлоочуларга кайрылып, учурда шайлоого аттанып жаткан партиялардан эмнеге эки маанилүү мыйзам боюнча суроолор берилбей жатканына кызыккан.

"Маалыматты манипулияциялоо жөнүндө" мыйзам" жана "Коммерциялык эмес уюмдардын каржы булагын ачыктоо боюнча" мыйзам Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына келе турган эл өкүлдөрү тарабынан каралат", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, ал колдоо тапкан. Долбоорго карата 79 депутат "макул" деп, 10 эл өкүлү "каршы" добуш берген. Аталган мыйзам коомчулук тарабынан терс кабыл алынып, бул сөз эркиндигине каршы келген мыйзам катары кабылданган.

3-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына карата каршы пикирге кол койгону маалым. Мыйзамга ылайык, өлкө башчынын мыйзам долбооруна карата каршы пикири кайрадан Жогорку Кеңеште каралышы боюнча сунуштоо берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан