Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 20-сентябрь күнү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат. Кыргызстан курама командасынан биринчи болуп килемге Калыбек Жолчубеков (55 килограмм салмакта) чыгат. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясы билдирет. Калыбек мелдешти 1/16 финалда венесуэлалык Медина Гарсияга каршы күрөшүү менен баштайт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.