Ырчы Малика Дина 5 жашынан тарта сахнага чыгып, эл көзүндө жүрөт. Балалыгы элдин көз алдында өтсө дагы ырчынын айрым сүрөттөрүн топтоп, кандай өзгөргөнүнө көз чаптыралы.
Ырчы 1995-жылы 19-декабрда Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №67 мектепти бүтүргөндөн кийин АКШдагы Voice academy музыкалык окуу жайында вокал боюнча билим алган. Учурда Айгүн аттуу бир кыздын энеси.
ЫРЧЫНЫН НАРИСТЕ КЕЗИНЕН САХНАГА КАДАМ ТАШТАГАН ЖЫЛДАРЫ
Көпчүлүккө "Жолугабыз аз күндө", "Суранам", "Бактыма" жана башка аттуу ырлары менен таанымал. Малика Динанын аткаруусундагы “Ойлорум сага” аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер ремейки” деп табылган.