Бишкекте үйлөргө уурулукка кирип жүргөн деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде үйлөргө уурулукка кирип жүргөн деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Алтын-Ордо жаңы конушунан аял кишиге тиешелүү шакек билериктер уурдалды деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматы барып, маалыматты тактаганда Ж.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган.

Арыз ээси үйүнүн терезесинен белгисиз жарандар кирип, зер буюмдарын жана компьютерге тиешелүү дисктерди уурдап кеткенин айткан. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү изи сууй электе кармалган. Ал 1995-жылы туулган А.Т. аттуу жаран болгон. Тийиштүү материалдар Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилген.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран мындан башка да Алтын-Ордо конушундагы эки үйгө уурулук жасаганга аракет кылгандыгы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан