Рэпер Бегиш "жарым сааттык интервьюсун 150 долларга баалады" деген билдирүүгө карата жооп берди

Социалдык тармактарда рэп ырчысы Бегиштин дарегине карата сындар айтылууда. Буга ырчынын жергиликтүү телеканалдардын бирине маектешүүгө чакырылганы себеп болгон.

Маалымат каражатынын өкүлү Бегиш мырзага байланышып, "Кыргыз тил күнүнө карата куттуктап койбойсуңбу" деп суранган. Буга Бегиш мырза "30 мүнөттүк видео интервью 150 доллар, аудио интервью 50 доллар" деп жооп бергенин жазып чыкты.

Талкуу болуп жаткан билдирүү боюнча рэперге байланышканыбызда буларга токтолду.

"Мен ал билдирүүнү көрө элекмин жана көргүм да келген жок. Мен болгону 150 доллар деп айткам, 50 долларга сүйлөшүп алса болот деп айтканым калп. Чычалабай эле коюшсун. Менин талабым алардын оюндагы идеалдуу план эмес экен. Бекер иштеп көнүп калгандар аябай таң калышып, чычалап жиберишиптир. Бул көрүнүштү кээ бирлери тил күнү менен байланыштырып жатышат. Кандай канал болбосун, кандай гезит болбосун видео маек 150 доллар, текст түрүндөгү маек 100 доллар. Ал эми маектин темасында айырма жок. Бирөөнүн контентин толтуруу үчүн бекер маек бербейм. Кыргыз тилди мен илгертен эле пропаганда кылып келем. Аларга майрам күнү отчёт үчүн эле керекмин. Тилге кайдыгер карап коюптур дебей эле коюшсун!" - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Pchelka85
2020-09-24 19:52:25
Туура эле. Бегиш ар дайым кыргыз тилде ырдайт го.. Жаштарга белгилуу адам экенин танбашыбыз керек.. эми ар бир "популярный" адамдын озунун ставкасы болот да... ага жаман корбошубуз керек го деп ойлойм...
+16
Imon7
2020-09-24 22:33:52
Pchelka85,койчу кайдагы жомокту айтбай
-10
nargiz-sa
2020-09-24 21:09:32
Бегиштин айтканы туура себеби булар шоу бизнес өкүлү шоу аркылуу киреше табат. Анан бирөөнүн контентин толукташ үчүн кайрымдуулук кылбайт да.
+9
Imon7
2020-09-24 22:32:43
nargiz-sa,шоумендеринди да, саясатчынды да, бизнесменинди элге бекер алып чыгып апендинин кызыкдай мактап жактап тааныткан биринчи булар журналистер болушат. Билбесен билип кой. Ошол теле радио, гезит, журналдар жана иштеген журналисттер болбосо аларын эчким деле эмес. Адам эмес ит да тааныбайт
+3
nargiz-sa
2020-09-25 14:04:13
Imon7,кокууй мага үйрөтпөй эле койчу
-4
Imon7
2020-09-25 21:34:33
nargiz-sa,Бегиш не антилопа бекенби? Жарым саат тилин чайнап, суйлогону учун 12 мин сом тологудой! Той кылган жарандар кутурткан экен эки ырына 100 $ жогору акча берип
-4
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-24 22:02:50
Негизи Бегиш кыргыз тилди пропаганда кылгандыгы учун сыйлап чакырса керек да. Башка куну чакыраар себеп жок, анткени аны уккусу келгендер жокко эсе.

Бир кун келет, Бегиш журналисттердин аркасынан чуркайт мени угуп койгулачы деп. Коппой, чокпой бир калыпта жургогдорду чакыргыла, журналисттер.
+2
-adam
2020-09-26 00:17:42
Бекиш эн жонокой,адамгерчиликтуу,так что кичине эле нерсеге ,беттен албагыла .Ар бир адам озунун баасын билиш кк.Артынан ушактап чыккандар селер да аман болгула!
-1
ulan030484
2020-09-27 10:27:57
Кыргыз тилинде суйлоп бергенин учун акча сурасан. Сенин куураганын ошол. Жарыбайсын го!
+3
katerina.li
2020-09-27 21:50:43
Уят,бегиш
+1
oopapa
2020-09-27 23:39:29
Шугур кыл учурдагы денгээлине. Шугур кыл жашап жаткан мезгилине.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан