Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп жатат.
Анда "Мекеним Кыргызстан" партиясынын БШКдагы өкүлү Таалайгүл Токтакунова сөз сүйлөдү.
"Мушташтан жабыркагандар - шайлоочулар. Мушташты уюштургандар кайсы бир партиянын тарапташы экенин эч ким билбейт. Мушташты уюштургандар эки партиянын тең тарапташтары эмес. Чагымчылдар", - дейт Токтакунова.
Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.