Шахмат боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда 7-тур жыйынтыкталды

Түркиянын Коджаэли шаарында өтүп жаткан жаштар арасында шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда 7-тур жыйынтыкталды. Мелдешке катышып жаткан кыргызстандык спортчулардын көрсөткүчү азырынча кубантарлык эмес. Эркектер арасында Жохар Жанбай уулу 7-турда сербиялык Милован Ратковичке утулуп, 63-орундан 78-орунга түштү. Эркектер арасында жалпы 118 катышуучу бар. Ал эми кыздар арасында Айжан Алымбай кызы утулуп, 71-орундан 75-орунга түшсө, Айжаркын Шынгыс кызы беларустук София Эдес менен тең чыгып, 62-орундан 60-орунга көтөрүлдү. Кыздар арасында жалпы 77 катышуучу бар. Эске салсак, 13-турдан турган бул мелдеш 27-сентябрга чейин уланат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан