Токмок шаарында жайгашкан “Ак-Тилек” кафесинин ашкана бөлмөсүндө өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда ашкананын 75 чарчы метр аянты жана ашкана эмеректери күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 25-30 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматынын жардамында ооруканага жеткирилген. Учурда жабырлануучунун аты-жөнү такталууда.
Ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.