Банктар депозиттердин ар кандай түрлөрүн - капиталдаштыруу, пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн айдын аягында же ай сайын кошумча төгүмдөрдү берүү жана жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгүн сунушташат. "Бакай Банк" мунун бардыгы эмнени билдирерин жана ылайыктуу депозитти кантип тандап алууну түшүндүрөт.
1-вариант. Мени жогорку пайыздык чендер гана кызыктырат
Эреже боюнча, Кыргызстандагы банктар пенсиялык депозиттер боюнча эң жогорку пайыздык чендерди сунушташат. "Бакай Банкта" мындай депозиттин жылдык пайызы сом менен алганда 12 пайызга чейин, доллар менен 4 пайызга чейин.
Эң жогорку кирешелүүлүккө ээ болгон экинчи депозиттик сунуш - бул кадимки ыкчам депозити. Бул депозитте капиталдаштыруу, эсептерден жарым-жартылай акча алуу мүмкүнчүлүгү жана аны толуктоо дагы жок. Бирок пайыздар ай сайын төлөнүп, коюм сом менен эсептегенде 11,5 пайыз, ал эми доллар менен жылына 4 пайызга жетет.
Маанилүү - сиз банк менен түзүлгөн келишимди бузуп, акчаңызды мурда төлөнгөн пайыздар менен алсаңыз болот. Эгерде каражатка болгон зарылчылык келип чыкса ыкчам депозитти пайдаланууга болот.
2-вариант. Депозиттик эсебим аркылуу ири сатып алууларга каражат топтогум келет
Эгер сиз ири сатып алууларга каражат топтоп, каражатыңызды өзүңүздүн чыгымдарыңыздан коргоону кааласаңыз, анда сизге толуктоочу депозит керек.
"Бакай Банктын" ыкчам депозиттен тышкаркы бардык аманаттары толукталат. Ошондуктан алардын бардыгынан ири суммадагы сатып алууларга акча топтой аласыз. Мисалы, ири суммадагы сатып алуулар үчүн
каражат топтоого 2 жыл талап кылынат. Мындай учурда пайыздык төлөмдөрдү мөөнөттүн аягында жабуучу
депозитти тандоо туура болот. Тагыраагы, "Капитал" депозитин пайдалануу менен негизги суммага пайыздарды ай сайын капиталдаштыра аласыз (пайыздарды чегерүү) жана пайыздык чен - сом менен 11%га чейин, доллар менен 3,5%га чейин жетет.
3-вариант. Айрым учурда депозиттен акча алып, кээде толуктап турам
Эгер сиз депозиттен акчаны жарым-жартылай чыгарып, аны толуктай алсаңыз, ал тургай ай сайын пайыздык киреше ала турган болсоңуз, анда сиздин вариантыңыз - бул "Молчулук" депозити. Мындай аманаттар боюнча инвестициялык иш-чараларды пландаштыруу банк үчүн кыйыныраак болгондуктан, салымдын пайызы башка депозиттерге караганда төмөн болот. Башкача айтканда, сом менен 9,5%га чейин, доллар менен 2%га чейин.
4-вариант. Баламдын келечеги үчүн каражат топтогум келет
Баланын атына депозит ачуу 2 жыл же андан ашык мөөнөткө ачылып, жылдык пайыздарды капиталдаштыруу жана пайыздык чен сом менен 12% болсо, доллар менен алганда 4,5 пайызды түзөт. Мындай депозиттен жарым-жартылай акча ала албайсыз жана ай сайын пайыз ала албайсыз. Бардык каражаттар - депозиттин өзү дагы, чегерилген пайыздар дагы - аманаттын мөөнөтү бүткөндөн кийин балага берилет. Балаңыз 14 жашынан баштап каражаттарды өзү бөлүштүрө алат.
5-вариант. Кыргызстандагы банктардын биринин дагы шарттары жакпайт
"Бакай Банкта" суммасы 50 миң доллар же башка валютадагы эквиваленттен ашкан депозиттерди кабыл алуу шарттары жана жигердүү депозиттер үчүн шарттар өз алдынча түзүлүшү мүмкүн.
Балдар депозити |
Молчулук |
Ыкчам |
Капитал |
Пенсиялык |
|
Пайыздык чендер сом менен |
12%га чейин |
9,5%га чейин |
11,5%га чейин |
11%га чейин |
12%га чейин |
Кошумча салымдар |
+ |
+ |
- |
+ |
+ |
Мөөнөтүнөн мурда келишимди бузуу |
+ |
+ |
+ |
+ |
+ |
Ай сайын пайыздык төлөмдөр |
- |
+ |
+ |
- |
+ |
Капиталдаштыруу пайыздары |
+ |
- |
- |
+ |
- |
Жарым-жартылай акча алуу |
- |
+ |
- |
- |
- |
Кеңеш алуу үчүн төмөнкү номурларга чалып же билдирүү жибериңиз.
Байланыш номурлары: 6111, +996 554 00 61 11 Whats App жана +996 312 61 00 61.