Чүйдүн Сокулук районунда жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 24-сентябрда саат 16:53 чамасында болгон.
Сокулук районунун Сарбан айылында Subaru Legacy үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы толук күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.