Түркмөнстандын Ашхабад шаарында футбол боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Түркмөнстан Президентинин Кубогуна болгон мелдеште Кыргызстан курама командасы 3-орун үчүн болгон беттеште Өзбекстан командасына 6:0дө ири эсепте жеңилип калды. Мелдештин финалында Түркмөнстан менен Орусия командасы кез келип, мелдештин кожоюндары жеңишке жетти. Мелдештин жыйынтыгында мыкты оюнчулар аныкталып, кыргызстандык Вадим Ни “мыкты чабуулчу” деп аталды. Эске салсак, мелдешке Кыргызстан, Орусия, Түркмөнстан, Кувейт, Өзбекстан, Беларусь, Тажикстан жана Иран командалары катышкан.