Чүйдө Түркиянын жаранына карата ок атуу болду. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 23:50 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө тоноо боюнча маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу барып, төмөндөгүлөрдү аныкташкан.
"Кашка-Суу айылы жактан бет кап тагынган белгисиз жарандар күч жана курал колдонуп, 42 жаштагы Түркиянын жаранынын 80 миң сом акчасын жана унаасын уурдап, андан ары из жашырышкан. Жабырлануучу алган жаракаттарынын негизинде ооруканага түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда шектүүлөрдү кармоо иш-чарасы жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.