Ырчы Тынчтыкбек Айылчиев менен жубайы ата-эне макамын алышты. Уулдуу болгонун айткан ырчы кубанычы менен тең бөлүшүп, буларга токтолду.
"Жубайым 18-сентябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы төрөт үйүндө көз жарды. Биринчи төрөт болгондуктан, жубайым бир аз кыйналып, ооруканадан бүгүн чыкты.
Негизи дарыгерлер уулубуз октябрь айынын башында төрөлөрүн айтышкан. Мындан улам келинчегим экөөбүз айылга барып келели деп Кара-Кулжага барганбыз. Бишкекке эртең кетебиз деп жатканда, жубайымдын толгоосу кармап калды. Ошентип балам айылдан төрөлдү. Уулубузга чоң апасы менен чоң атасы Алинур деген ысым ыйгарды", - дейт ал.
Тынчтыкбек Айылчиев ушул жылдын январь айында сүйүктүүсү Атыргүлгө баш кошкон.