Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши 2016-жылы 14-сентябрь күнү жасалган. Бишкек шаарынын тургуну таанышына Хонда CR-V унаасын ижарага берген. Бирок таанышы унааны сатып, качып кеткен. Аталган факты каттоого алынып, шектүүгө издөө салынган.
Жакында эле Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери 1983-жылы туулган С.Д. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кармалган жаран ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Милиция шектүүдөн жабыр тарткандар болсо, 0312 563 248, 0554 102 519 телефон номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.