Чүйдүн Аламүдүн районунун бир жарым айдан бери изделип табылбай жаткан 26 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-сентябрь күнү саат 14:40 чамасында жансыз дене табылды. Анда кыз 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 куткаруучу тартылган.
Кыздын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.