Бишкекте Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бир батиринен өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 26-сентябрда болгон.
Өрт тогуз кабаттуу турак жайдын экинчи кабатындагы батирден чыккан. Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.