Орусияда көпүрө кулап, 49 Кыргыз жараны жаракат алды. Төртөөнүн абалы оор

Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, 49 кыргыз жараны жаракат алды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 27-сентябрда болгон. Анда жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор жок.

"Кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, "Тез жардам" кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат. Кыргызстандын элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да Кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү үчүн ошол жерге барышты. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган ишканада 169 Кыргыз жараны иштеп жаткан. Окуяны Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurik555
2020-09-27 17:24:39
Бөтөн элде жүргөн мигранттарыбызды кудай сактасын. Ступин эмес Ступино
+12
nazira...
2020-09-27 18:29:48
Баягы эле кыргыздар. Акча толоп беришет бекен эми. Байкуш баягы эле кыргыз, качан оз элинде иштеп калышат экен, бала чакасынын мандайында.
+10
rysik79
2020-09-27 20:24:47
Батыраак эле айгып кеткиле!!!
+6
Luna15
2020-09-27 20:36:49
Куурадыкго кыргыздар,мына элим козубузду ачып мин сомго алданбай таза шайлоо откоролу,темселедикго дуйно жузуно
+6
Egizderim-baktim
2020-09-28 04:08:12
Аллахым баарыбызды боодо кырсыктан сактасын. Шайлоого эч ким барбай койсо парламент тарап кетеби деген суроом барда ким билет. Эч ким барбай коюш керек бир дагы жаран, анан айта алышпайт таза отту деп, баарыбир таза шайлоо болбойт(шайлоо жонундо эч жерге комент жаза албай ушу жерге жаздым)
+2
Imon7
2020-09-28 08:33:59
Egizderim-baktim,эчким барбай коюп бойкот жарыяласа кайрадан шайлоо куну жарыяланат!

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан