Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы "FM LOGISTIC" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, 49 Кыргыз жараны жаракат алганы маалымдалган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги учурда жабыркагандардын саны 51ге жеткенин кабарлады.
"Элчиликтин кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин "FM LOGISTIC" компаниясынын жетекчилиги жабыркаган Кыргыз жарандарга бардык керектүү материалдык жардам жана медициналык камсыздандырууга даяр экендигин билдиришти. Элчиликтин кызматкерлери "FM LOGISTIC" компаниясынын өкүлдөрү менен Москва облусунун Красногорск жана Солнечногорск шаарларындагы ооруканаларга барып, оор абалда жаткан мекендештерибизге жардам көрсөтүштү. Ыкчам жардам көрсөтүү максатында, жаракат алган айрым жарандарыбыз тик учак менен ооруканаларга жеткирилген.
Ошондой эле айрым жарандарыбыз Ступино, Чехов, Серпухов, Подольска, Коломна жана Домодедово райондорундагы ооруканаларда жатат. Ал эми элчилик Москва облусунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен окуянын объективдүү тергелишин камсыз кылууну жана күнөөлүүлөрдү катуу жоопко тартуу боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Мындан тышкары, элчилик Орусия Федерациясынын тергөө комитетине, Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине көпүрөнүн кулап түшүшү боюнча кылдат жана объективдүү иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен расмий катты жөнөттү. Учурда окуя болгон жерде элчиликтин кызматкерлери бар жана окуя элчинин жеке көзөмөлүндө", - деп билдирет басма сөз кызматы.