Супер фактылар: Эмне үчүн дүкөндөрдө баалар 99 менен аяктайт?

Дүкөндөрдө айрым товарлардын баасы 99 деген сан менен аяктайт.

Бааны 1 тыйынга түшүрүү акылсыздай көрүнүшү мүмкүн, бирок Хендерсон университетинин маркетологу Ли Хиббеттин айтымында, мындай баа тактикасы бир кылым мурун иштелип чыккан. Тарыхчылар бул амалкөйлүктү ким ойлоп тапканын так билишпейт, бирок эксперттер бул тактика эмне үчүн көбүрөөк товарларды сатууга жардам бергенин так түшүндүрүп беришет.

Баанын 99 саны менен аякташы солдон оңго окууга көнүп калган теориябызга негизделет. Биринчи цифралар кийинкилерге караганда мээбизге бир кыйла көбүрөөк таасир этет деп түшүндүрүлөт. Ошондуктан адам 5 эмес, 4,99 болгон товарды көбүрөөк сатып алат. Анткени аң-сезиминде айырма бир гана сан болгонуна карабастан, 99 төмөндөй сезим калтырат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Merelisha
2020-09-28 21:31:03
Туура.
+2
Baku0730
2020-09-28 22:24:01
Ооба мен дагы кээде менде да болот. Арзандай сезилип алып алам.
+1
patiydin
2020-09-29 00:50:06
Бул жол налогдон качыш эмесби? Мисалы 5 сомго башка сумма, 4сом 99 тыйынга башка сумма болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан