Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аламүдүн районунда 27-сентябрь күнү саат 7:00дө Таш-Мойнок айылында Субару Форестер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (эркек, аял) жабыркаган. Алар ооруканага жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.