Көптөгөн компаниялар өз кардарлары үчүн атайын программаларды жана шарттарды практикада колдонушууда.
Алардын баары кардарларды колдоо жана узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн алар менен дайыма байланышты түзүүгө багытталган.
Бүгүнкү күндө FINCA Банктын мындай программасы тууралуу коммерциялык директор Назакат Асланова айтып берет.
- Назакат, кутмандуу күнүңүз менен! Эмне үчүн «FINCA Банк» лоялдуулук программасын ишке киргизди? Анын башкы максаты эмнеде?
— FINCA Банкта биз жасаган иштин борборунда дайыма кардарлар турат, бул программаны ишке киргизүү аны дагы бир жолу тастыктайт. Кыргызстандагы FINCA'га быйыл 25 жыл болду. Ушул жылдар бою кардарлар менен бекем жана өз ара пайдалуу мамилелерди куруп келе жатабыз. Биз кѳпчүлүгү менен ондогон жылдар бою кызматташып келебиз. Алар бизге ишенишет, дайыма колдоо кѳрсѳткѳн ишенимдүү өнөктөш жана жардамчы катары кабыл алышат. Кардарлар биз менен бирге өз бизнесин баштап, бүгүнкү күндө алар ийгиликке жетишип, ишканаларын өнүктүрүүдѳ.
Биз биринчи кезекте лоялдуулук программасын кардарлар үчүн ишке киргизүүдѳбүз. Узак мөөнөттүү жана бекем кызматташуу үчүн өнөктөш катары бизди тандап алган кардарларга өзүбүздүн өзгөчө мамилебизди көрсөтүү биз үчүн маанилүү.
Мындай ыкмалардын бири болуп, кардарларга өз ыраазычылыгыбызды билдирүү менен «Рахмат» программасы саналат, ал бонустарга жана артыкчылыктарга ээ. Аталган программаны ишке киргизүү узак мөөнөттүү мамилелерди түзүүгө жана бизди тандаган кардарлар менен кызматташтыкты бекемдөөгө кошумча түрткү берет.
- Башка банктардын лоялдуулук программасынан сиздин сунуш эмнеси менен айырмаланат?
— Банктын кардарларына өнөктөш уюмдардын бонустары жана арзандатуулары берилген стандарттык программалардан алыс болууну чечтик, анткени кардар мындай учурда банктын өзүнүн бардык артыкчылыктарын пайдалана албайт.
Албетте, ийгиликтин бирдиктүү формуласы жок, бирок баары кѳңүл буруусу зарыл болгон аспекттер бар. Биз ар дайым кардардын муктаждыктарына жана күтүүлөрүнө негизделген сунуштарга басым жасашыбыз керек.
Биринчиден, жөнөкөйлүк жана ачыктык: ар бир катышуучуга лоялдык программасынын иштөө механизми, стимулдаштыруунун жана сыйлоолорду андан ары да колдонуунун ыкмалары түшүнүктүү болууга тийиш.
Экинчиден, продукт өзү биздин кардарлардын кѳп саны үчүн универсалдуу болушу керек.
Үчүнчүдөн, каржылык мүмкүнчүлүгү жана керектөө адаттары боюнча ар бир катышуучу өзү үчүн сезилээрлик пайда көрүшү керек. Биз кардарларыбыз үчүн лоялдуулук программасынын бардык 3 аспектин киргизүүгө аракет кылдык.
- Программанын катышуучусу ким боло алат?
- Программага депозит алган, алыш-бериш эсеби же талап боюнча төлөнүүчү эсеби бар жеке адамдар да, юридикалык жактар да, жеке ишкерлер да катыша алышат.
Программада аныкталган критерийлер болот, критерий боюнча ылайык келген кардарлар ага катыша алышат. Мисалы, биздин банкта ачык депозити же алыш-бериш эсеби бар кардарлар, зайымчылар үчүн кызматташтыктын узактыгы, жайгаштырылуучу каражаттардын суммасы лоялдуулук программасында кардардын статусун аныктаган критерийлер болуп саналат.
Статустардын бирин ыйгара турган адистерге кайрылуу менен банктын ар бир кардары катышууга мүмкүндүк алат жана өзүнүн статусун аныктай алат.
— Кардар кандай артыкчылыктарды алат?
- Программанын шарттарына ылайык, банктын кардарлары насыялар боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү, зарыл болгон учурда күрөөсүз насыяларды берүү, «FINCA ЭЛКАРТ» төлөм картасын акысыз тейлөө, валютаны алмаштырууда жекече курсту берүү, накталай акча каражаттарды жана SWIFT-которууларды алууга тарифтерди төмөндөтүү, талап боюнча төлөнүүчү эсептеги калдыкка пайыздарды кошуп эсептөө, кардарды кезексиз тейлөө, өнөктөш дүкөндөрдө арзандатуулар сыяктуу көптөгөн ар кандай жеңилдиктерди жана өз статусун алган бардык кардарлар үчүн башка көптөгөн артыкчылыктарды алышат.
- Маек бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, сиздин банкка ийгилик каалайбыз!
— Рахмат! Кардарларыбызды кызыктуу сунуштар менен кубантууга аракет кылабыз жана сиз биз менен болгонуңуз үчүн «рахмат» деп айтабыз!