Balance мобилдик тиркемеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин бардык идентификацияланбаган колдонуучулар тиркемени жаңыртып, онлайн-идентификациядан өтүүгө тийиш экендигин эскертет. Антпеген учурда төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүн болбойт.
Идентификациядан Balance тиркемесинде же сизге жакын Beeline сатуу жана тейлөө кеңсесине паспортуңуз менен келип, өтө аласыз.
Тиркемеде идентификациядан кантип өтүү мүмкүн:
Террорчулук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында жана каржы агымынын бузулушуна жана тыюу салынган товарларды сатып алууга каршы туруу максатында 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын колдонулушуна КРУБ тарабынан тыюу салынат.
Онлайн-идентификациянын негизги артыкчылыктары:
- Лимиттердин 60 000 сомго чейин жогорулашы;
- Кызматтар менен чексиз пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
- Электрондук капчыктардын ортосундагы которуулар.