Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Владимир Путин менен жолугушту

Бүгүн, 28-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушууда эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланганы маалымдалат.

"Владимир Путин Орусия ар бир көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтай тургандыгын жана Кыргыз өлкөсү менен союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди улантарын баса белгиледи.

Орусия тарап Кыргыз өлкөсүндө туруктуулуктун болушуна, ошону менен катар шайлоодон кийинки мезгилде да туруктуулукка кызыкдар экендигин өзгөчө баса белгиледи.

"Сиз билесиз, биз сиздин Кыргыз өлкөсүнүн жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту бекемдөө боюнча жасаган күч-аракеттерин дайыма колдойбуз. Сиздин бул аракетиңиз уланат деп ишенебиз. Биз сизди мамлекет башчысы катары, Кыргыз өлкөсүн жана анын элин колдоп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн алдыга койгон ири максаттарды ишке ашырууда колдойбуз", - деп белгилеген Владимир Путин.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсү ар дайым Орусиянын чыныгы стратегиялык өнөктөш катары күчтүү колдоосун, айрыкча азыркы оңой эмес мезгилде сезерин белгилеп өттү.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын дүйнөдө биринчи Орусияда катталганы менен дагы бир жолу куттуктап, анын жакын арада Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн да жеткиликтүү болооруна ишенимин билдирди.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин белгилешти деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан