Инфекциядан кийинки жалпы алсыздыктын себеби – вирустук уулануунун натыйжасында пайда болгон организмдеги зат алмашуу процессинин бузулушу, клеткалык деңгээлде энергияны пайда кылуу жана сарптоо процессинин бузулушу. Вирус токсиндеринен улам клеткалар кычкылтек менен жакшы каныга албай, энергия чыгара албай, кычкылдандыруу азыктарынан арылбастан, кычкылтекти ого бетер начар өздөштүрүп, кадимкидей иштебей калат. Инфекциядан кийинки жалпы алсыздыктын негизин түзүүчү «катаал айлампа» түзүлөт, андан организм өз алдынча чыгып кетиши кыйын болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, инфекциядан кийинки жалпы алсыздык – бул алсыраган организм абдан муктаж болгон энергиянын жетишсиздиги. Ал эми организмге зат алмашуу процесстерин жакшыртуучу жана жашоо үчүн маанилүү болгон энергияны чыгарууну активдештирүүчү каражатты дайындоо жолу менен жардам берсе болот.
Милдронат® 250мг кантип жардам берет? Ал клеткалардын кычкылтекке болгон талабын жана кычкылтекти кабыл алуусун тең салмакка келтирет, клеткаларды жабыркоодон сактап, аларда уулуу заттардын топтолуусун жок кылат, жалпы кубат берүүчү таасирге ээ. Милдронат® 250мг булчуңдардын, жүрөктүн, кан тамырлардын энергетикалык потенциалын жогорулатат, кан айланууну жакшыртат, борбордук нерв системинин ишин активдештирет. Муну менен алсыроо жана чаалыгуу коштолгон жалпы алсыздык абалдарында ишке жөндөмдүүлүктү жана көңүл буруу концентрациясын жогорулатууга түрткү берет.
Дарыны кабыл алган адам өзүн жакшы сезүүсүнө, саламаттыгынын жакшырышына түрткү берет. Организм мурдагыдай жөндөмдүүлүккө ээ болот жана оорудан кийин тез калыбына келет. Башкача айтканда, Милдронат® 250мг оорудан кийин калыбына келүү мезгилинде жетишсиз болгон жашоо үчүн маанилүү энергияны күн өткөн сайын кайтарып, «биздин батареяны кубаттандырат»!
Эпидемиологиялык оор мезгилде өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!
Дарыгерлердин жумушу көптүгүн эске алып, демилгени колго алыңыз, алардан сизди тезирээк сакайта турган каражаттар тууралуу сурап билиңиз. Провизорлор жана фармацевттер дагы чын дилден сизге кеңешин айтып, жардам беришет, эң негизгиси сурагандан тартынбаңыз!
Ден соолукта болуңуз!
Дарыгердин көрсөтмөсүсүз таратылат. Шаардагы дарыканалардан сураңыз.
Юлия Борисенко,
«Жить здорово!» журналынын
башкы редактору.