Кара-Көлдө эчки уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында майда мүйүздүү мал жандыгын уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-24-сентябрь күнү Кара-Кѳл ШИИБине шаар тургундары арыз менен кайрылышкан. Алар 14-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта түнкүсүн короолорунан белгисиз кылмышкерлер эчкилерин уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпы 20 эчки уурдалып, келтирилген чыгым 150 миң сомго жакын сумманы түзгөн.

Аталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Кара-Көл ШИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Кара-Көл шаарынын 4 тургуну кармалган. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары А.Б. аттуу шектүү 1 айга камакка алынып, калган шектүүлөр үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-09-29 13:05:24
Ата кокуй уят эле эчки уурдап.
0
Asyl_Kg
2020-09-29 16:38:29
Мамлекеттен миллиондоп уурдаган уюшкан чиновниктердин тобу деп эч качан ачык жарыяланбайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан