Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын алкагында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын кызматкерине берип жаткан учурунда Мамлекеттик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-жылы туулган капитан Ж.у.Н. кармалды.
Маалыматка ылайык, кызматкер коңшу өлкөлөрдөн келген аткезчилик жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн акча каражатын сунуш кылган. Бул факты боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан "коррупция" беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.