ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери "баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды мыйзамсыз даярдоо" боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жакында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Бишкек-1 станциясынын аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1996-жылы туулган Г.Д. аттуу жаран кармалган.
Кармоо учурунда шектүү далилдерден кутулууга аракет кылып, колундагы баштыгын ыргытып жиберген. Окуя болгон жерди кароо учурунда жогорудагы жаранга таандык баштыкты табышкан. Баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 365 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү каражат болгон. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган каражат кара куурай тобундагы баңгизат болуп чыккан.