Жалал-Абад облусунда уурулукка шектелип 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жалал-Абад ШИИБине 52 жаштагы М.Д. арыз менен кайрылган. Арызда январь айынын башында үйүнө белгисиз жарандар эч ким жоктугунан пайдаланып, үй ичине мыйзамсыз кирип, ага таандык болгон алтын, акча жана үй буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирген. Жабырлануучу 300 миң сомго чыгым болгонун айткан.
Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, милиция тарабынан шектүү катары Сузак районунун 1973-жылы туулган тургуну М.А. кармалган. Шектүү жарандын жүргөн жери аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.