Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-августта Биринчи Май РИИБине шаар тургуну кайрылган. Арызда Баха аттуу чала таанышы унаасын сатып берүүгө жардамдашмакчы болуп, январь айында баасы 10 миң доллар турган Тойота Камри унаасын алып, башка бирөөлөргө сатып жиберип, из жашырып качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1959-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кимде-ким шектүү жөнүндө маалымат билсе же кандайдыр маалымат болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0554 102 302, 0551 102 774.