Кыргыз футболдук союзу Азия Футбол Конфедерациясынын жаштарды өнүктүрүү программасынын толук кандуу мүчөсү болду

Элиталык жаштарды өнүктүрүү программасы - АФКнын мүчөсү болгон улуттук конфедерациялардын жаш футболчуларды өнүктүрүү системасы.

Кыргыз футбол союзу – Борбор Азияда аталган программага толук кандуу мүчө болгон экинчи ассоциация болду. Буга чейин Өзбекстан футбол ассоциациясы кирген. Бул өлкөнүн үч футбол академиясы "эки жылдыз" статусуна ээ болгон.

Асылбек Момунов атындагы Ош шаарындагы футбол академиясы жаш футболчуларды тарбиялоо базасы катары "Бир жылдыз" статусуна ээ болду. Бул статус башка спорттук мекемелерден окуу сапаты жана башка параметрлери боюнча өзгөчөлөнөт. АФКнын статустар системасына ылайык, эң көп үч жылдыз берилет. Азияда мындай статуска Катардагы "Эспайр" академиясы ээ.

АФКнын программасына толук кандуу мүчө болуусу үчүн төмөнкү 20 критерий боюнча бааланат: жетекчилик, пландоо, уюштуруучулук, кызматкерлер, топтоо, каржылык, жабдуу, командалар, машыгуулар, оюндар, оюнчулардын көрсөткүчтөрү, ден соолук, фитнес, психология, бакубаттуу абалы, окуу, кызматташуу, баалоо, эрежелер жана көрсөткүч.

Программага мүчө болуусу үчүн улуттук мекеме жок дегенде алгачкы 11 критерийге жооп бериши керек.
Академия бир, эки, үч жылдыз статусун алуусу үчүн бардык жоболорго жооп бериши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан