"Балка менен башка чаап, жуунуучу бөлмөдө зордуктады". Караколдо 3 аял бир эркек кишинин үстүнөн арыз жазды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 3 аялга кол салган деп шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сентябрь айынын орто ченинде бир нече күндүн аралыгында Каракол шаарынын милициясына үч аялдан арыз келип түшкөн. Арызда бет кап кийген адам түндө көчөдөн кол салып, бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алгандыгын билдиришкен.

Жабырлануучу аялдын бири белгисиз адам уюлдук телефонун тартып алуунун алдында зордуктоого аракет кылганын айтса, экинчи аял каршылык көрсөткөндө аны катуу сабап салгандыгын айтып берген. Акыркы жабырлануучу аял Каракол шаарында жайгашкан мейманкананын биринде түнкү нөөмөттө иштеп жаткан. Болжол менен түнкү саат 22:00 чамасында эс алып жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирип келип, балка менен башка бир нече жолу уруп, андан кийин бычак менен коркутуп, 6800 сом акча каражатын жана 2 уюлдук телефонун тартып алган. Ошондой эле жуунуучу бөлмөсүнө күч менен алып кирип, ал жерден зордуктаган.

Бул факты Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Аталган кылмыштардын бетин тез арада ачуу максатында Каракол шаарынын милициясынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган атайын тергөө ыкчам тобу түзүлгөн. 29-сентябрь күнү аталган топтун кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну Ж.У. кармалган.

Алгачкы суракта ал күнөөсүн моюнуна алган. Далил зат катары балка менен бычак алынган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
umarlina55
2020-09-30 11:34:46
тообо
0
Raihan0602
2020-09-30 11:46:41
Түрү суук түрмөдөгү зектер берсин сазайыңды
+12
XATSAN125
2020-09-30 11:56:23
Мультфильмин кесип салып моюнуна тумар кылып тагып коюш керек
+8
Agayu
2020-09-30 12:43:48
Коронавирустан да жаман нерсе менен ооруп калган киши экен .Мейли эмне дейбиз : Негативге алдырбайлы : Өзүбүзгө эле кыйын: Негатив көп болсо ар кандай ооруларга : жаман адаттарга толтура беребиз .Биз психологияны окубаганыбыз үчүн коомубузда ар кандай жаман нерселер боло берет .и өзүбүзгө да зыян алып келебиз.
+5
Arai92
2020-09-30 14:18:53
Акмак, ушундай адамдар кантип жер устундо басып журушот?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан