Иш бөлмөсүнөн 1 миллион 331 миң сом табылды. УКМК Экономика министрлигинин кызматкерин пара берип жаткан учурда кармады

Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрь күнү Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечимин аткаруунун негизинде, УКМКнын кызматтык бөлмөсүнөн кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда Экономика министрлигинин алдындагы банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары Б.Э. кармалды.

"Кармалган адам банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Мындан сырткары кармалган кызматкердин иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталууда. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Ал эми шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2020-09-30 13:21:07
Уй мулкун бут мамлекетке откоруп салыш керек жетимди озун ит камагандай камап
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан