"Ырчы Анжелика келип колдоо көрсөтүп кетти". Кыргыз дизайнер-модельери Арзубек Vonama Түркияда өткөн мода жумалыгына катышты

Жергиликтүү жана коңшу өлкөнүн жылдыздарын кийинткен кыргыз дизайнер-модельери Арзубек Vonama Түркияда өткөн мода жумалыгына катышты. Иш-чара FashionWeek Cappadocia деп аталып, 25-27-сентябрь аралыгында өттү. Арзубек мырза жумалыкка уюштуруучулардын чакыруусу менен катышканын, анда үлпөт көйнөктөр жана кече көйнөктөрү көрсөтүлгөнүн айтып, буларга токтолду.

"Түркиянын Каппадокия шаарында өтүп жаткан мода жумалыгы бир аптага созулат. Бул иш-чарага дизайнер-модельерден тышкары, стилист, визажисттер дагы катышты. Жумалыкта көйнөктөр топтому көрсөтүлдү.

Мен тууралуу түрк маалымат каражаттарына бир катар маалыматтар чыкканы сыймык жаратты. Мындан тышкары чогуу иштешүү, ар кандай көргөзмөлөргө катышуу боюнча бир катар сунуштар түштү. Буюрса, жакын арада башка мамлекеттерге көргөзмөлөргө катышабыз.

Мода жумалыкка катышып жатканыбызды угуп, колдоо көрсөтүү үчүн ырчы Анжелика айым иш-чарага келип кетти. Ал дайыма мага колдоо көрсөтүп келет", - дейт ал.

Учурда Арзубек жана аны менен чогуу жумалыкка баргандар эс алып жүрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
narynbek2001
2020-09-30 21:10:20
Азаматсын Анжелика. Сендей сулуу айымдар коп болсун
+3
Raihan0602
2020-09-30 23:00:40
Арзубек балама ийгилик каалайлы кыргызды дүйнө элине тааныта бер
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан