Чүйдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган 15 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Чүйдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган 15 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан аталган илдеттин мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн бир катар алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анда "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" менен 15 материал катталган.

Алардын ичинен Аламүдүн РИИБине 7 материал, Жайыл РИИБине 5 материал, Ысык-Ата, Панфилов, Сокулук РИИБине 1 материал катталган.

Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 5 материал боюнча айып пул салынып, 3 материал соттук органдарга жөнөтүлгөн. Калган материалдар боюнча азыркы учурда зарыл болгон тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан