Социалдык тармактарга тараган "Ысык-Көл облусунун аймагында шайлоочуларга карата акча таратуулар көбөйүп жатканы жана жетим балдарга материалдык жардам көрсөтүлдү" деген маалымат текшерилип, анын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси менен катталганы маалымдалат.
"Буга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан 5 адам жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары социалдык тармактарда бир партиянын баннеринин үстүнө башка бир партияныны өкүлдөрү өздөрүнүн үгүт баракчаларын чаптап кеткен факты аныкталган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында М. уулу Р. жана А. уулу М. аттуу жарандар бул ишке шектелип кармалган. Шектүүлөр "үгүт материалдарын жок кылуу же бузуу" беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылды" , - деп жазылат маалыматта.