ИИМ: “Кырк уруу жети дубан” кыймылынын лидери жана тарапташтары кармалды"

Аймактар аралык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасашкан деп шектелип, “Кырк уруу жети дубан” кыймылынын лидери жана анын тарапташтары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү коомдук тартипти туруксуздаштырууну мерчемдешип, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео интернет булактарында тараган. Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алышкан.

"Соттук-саясий экспертизасынын корутундусуна ылайык, интернет булактарына таралган видео тасмада сүйлөгөн белгисиз жарандын сөзүндө региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар белгиси бар экендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө видео тасмадагы адамдардын аты-жөнү аныкталып, 30-сентябрь күнү “Кырк уруу жети дубан” кыймылынын 26 мүчөсү кармалып, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына алып келинген.

26 жаранга тең наркологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 20 жаран баңги каражатын колдонгондугу аныкталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Кырк уруу жети дубан” кыймылынын лидери жана төрт тарапташы Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алар:

1. 1985-жылы туулган Ш.М. мурда соттолгон;

2. 1971-жылы туулган А.А. мурда баңгизатты сактагандыгы үчүн эки жолу соттолгон;

3. 1964-жылы туулган А.О. мурда зордуктоо жана аткезчилик менен эки жолу соттолгон;

4. 1972-жылы туулган Р.Б;

5. 1966-жылы туулган К.Ж. мурда тоноо, ээнбаштык жана уурдоо менен үч жолу соттолгон.

Башка камсыз болгон адамдардын окуяга тиешелүүлүгүн аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып тергөө улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан