Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаранды сүзүп кеткен унаанын айдоочусун кармоо иш-чарасы жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө болгон. Анда Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Эскертүү! видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Учурда унаанын ээсинин аты-жөнү такталып, аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми жаракат алган 28 жаштагы жаран жергиликтүү аймактык ооруканага жаткырылган. Жаракат алган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.