Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча килем үстүнө чыккан Калыбек Жолчубеков (55 килограмм салмакта) биринчи беттешин жеңди. Калыбек Жолчубеков венесуэлалык Медина Гарсияга каршы күрөшүп 6:0 эсебинде жеңди. Эми 1/8 финалда Калыбек япониялык Шота Танокурага каршы күрөшөт.